Астанада Сирия боюнча жогорку деңгээлде кезектеги эл аралык жолугушуу өтөт

Астанада Сирия боюнча жогорку деңгээлде кезектеги эл аралык жолугушуу өтөт

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, сүйлөшүүлөргө кепил өлкөлөр – Орусия, Түркия жана Ирандын делегациялары, ошондой эле Сирия өкмөтүнүн жана оппозициясынын өкүлдөрү катышат. Байкоочу катары БУУнун, Иорданиянын, Ирактын жана Ливандын өкүлдөрү келмекчи. Тышкы иштер министрлиги белгилегендей, күн тартибинде Сириянын айланасындагы аймактык кырдаалды жана Сирия өлкөсүндөгү кырдаалды өзгөртүү, САРдагы комплекстүү жөнгө салуу аракеттери, терроризмге каршы күрөшүү маселелери, өлкөдөгү гуманитардык кырдаал, ошондой эле сириялык качкындардын мекенине кайтып келишине шарт түзүү максатында эл аралык коомчулуктун аракеттерин бириктирүү маселелери каралат. Биринчи күнү Иран, Орусия, Сирия жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары сириялык-түрк мамилелерин калыбына келтирүү боюнча «Жол картасы» долбоорун даярдоону талкуулоо максатында төрт тараптуу кеңешме өткөрүшөт. Муну менен катар Астана жараянынын катышуучулары эки тараптуу жана үч тараптуу кеңешмелерди өткөрүүгө ниеттенүүдө. Жыйындын кийинки күнү жалпы жана маалымат жыйынын өткөрүү пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков