Президент Касым-Жомарт Токаев Мажилис менен Маслихат депутаттарынын шайлоосунда добуш берди

Президент Касым-Жомарт Токаев Мажилис менен Маслихат депутаттарынын шайлоосунда добуш берди

Президент бүгүн эртең менен борбор калаадагы Аль-Фараби атындагы Окуучулар сарайындагы шайлоо участкасында өз тандоосун жасады. Белгилей кетсек, аталган участкада 2861 шайлоочу катталган. Биринчи келген тургундар мамлекет башчысы менен сүйлөшүп, сүрөткө түшүштү.

Парламент шайлоосу – президент сунуштаган саясий реформалардын мыйзамдуу уландысы

Саясий жарыштан мамлекеттик жетекчи кызматтарда турган адамдар да четте калган жок. Мамлекеттик катчы менен Сенаттын төрагасы өз тандоолорунан кийин өлкөдө боло турган саясий реформалар жана өзгөрүүлөр тууралуу өз ойлорун айтышты. Маулен Ашимбаев аралаш шайлоо системасынын киргизилиши карапайым жарандардын бийлик иштерине жигердүү катышуусуна жол ачканын айтты. Ошондуктан бул жолу талапкерлер арасында атаандаштык күч.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

- Бул шайлоодогу эң чоң жаңычылдыктардын бири – бир мандаттуу округдардын киргизилиши. Мажилисте да, маслихатта да ушундай. Дегеле мындай жаңылыктарды, өзгөрүүлөрдү коомчулук жакшы кабыл алып жатат деп айтууга негиз бар. Биздин өлкөдө бийликтин булагы – эл. Эч ким элден өйдө тура албайт. Ошондуктан, эл өз тандоосун жасашы керек. Бул шайлоо өткөндөн кийин сенаторлор жаңы шайланган депутаттар менен биргелешип иштөөгө даярбыз. Өлкөбүздүн алдында турган улуу максаттарды ишке ашырууга биргелешип салым кошобуз.

Мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин парламенттик шайлоо президент тарабынан сунушталган саясий реформалардын мыйзамдуу уландысы экенин баса белгиледи.

Ерлан Карин, Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси:

- Бул шайлоо абдан маанилүү. Анткени бизди саясий системада түп-тамырынан бери өзгөрүүлөр күтүп турат. Бул тууралуу президент өткөн жылдын жалган куран айындагы кайрылуусунда айткан. Бул шайлоо пландаштырылган реформаларды андан ары өнүктүрүү жана натыйжалуу ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө тийиш. Анткени, бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы боюнча Парламенттин курамы жаңыланып, жаңы коомдук-саясий чөйрө калыптанат. Мына ушулардын бардыгы кабыл алынган чечимдердин сапатынын жогорулашына өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков