Президент кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын белгиледи

Президент кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын белгиледи

Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайы өнүгүүнүн жаңы демин алышы керек. Келечекте  – ички жана эл аралык рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүү терең кайра иштетилген өнүмдү өндүрүү. Касым-Жомарт Токаев Казакстан элине жолдогон кайрылуусунда акыркы беш жылда тармактагы дүң кошумча нарк эки эсеге көбөйүп, дээрлик 17 триллион теңгеге жеткенин белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, жалпысынан бул сектор Казакстан экономикасынын өсүүсүнүн негизги кыймылдаткычы болуп калды. Өткөн жылы эле өлкөдө 160тан ашык жаңы өндүрүш ишке киргизилип, 12 миң жумушчу орун камсыздалды. Президент муну менен токтоп калбай, экономиканы ар тараптандырууну тездетүү зарылдыгын баса белгиледи. Заманбап жогорку технологиялуу ишканаларды түзүү жана өлкөнүн экспорттук дараметин чыңдоо зарыл.

Нуртуган Оралбаев, «Экономикалык изилдөөлөр институту» туруктуу өнүгүү максаттары боюнча катчылыгы мүдүрүнүн орун басары:

- Өнөр жай блогуна келсек, мамлекет башчысы белгилегендей, кайра иштетүү өнөр жайынын экономикадагы үлүшү 12,4%ды, ал эми тоо-кен металлургиясы 8%ды түзөт. Бул тармактар инвесторлор үчүн абдан кызыктуу, алар мамлекетибиздин экономикасынын негизи болуп саналат. Ошондуктан, жогорку жана орточо деңгээлдеги бир катар долбоорлорду, анын ичинде көмүртек чийки затын кайра иштетүү тармагындагы долбоорлорду ишке киргизүү абдан актуалдуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков