Казакстанда атайын экономикалык аймак түзүлөт

Казакстанда атайын экономикалык аймак түзүлөт

Казакстанда дагы бир атайын экономикалык аймак түзүлөт. Өкмөт токтомунун долбоорун Өнөр жай жана курулуш министрлиги иштеп чыккан. Кызылорда облусундагы «Коркыт ата» экономикалык аймагынын аянты 100 гектардан ашык аянтты түзөт. Бул жерде дүйнөлүк стандарттарга жооп берген заманбап өнөр жай жана өндүрүш комплекстери курулат. Долбоор өлкөнүн транзиттик дараметинин жана соода байланыштарынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. Мунун аркасында аймактын экономикасы жана инфраструктурасы жакшырат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков