Тажикстанда тоо-кен металлургиясы боюнча алгачкы эл аралык форум өттү

Тажикстанда тоо-кен металлургиясы боюнча алгачкы эл аралык форум өттү

Тажикстандын борборунда биринчи эл аралык инвестициялык тоо-металлургиялык форум өттү. Ал Борбор Азия, Америка, Европа жана башка өлкөлөрдүн серепчилерин чогултту. Катышуучулар геологиялык инфраструктураны өнүктүрүү, жаңы кендерди иштетүү, ишканаларды жаңылоо, аймактык кооперациялык байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, Казакстан индустриясынын өкүлдөрү тоо-кен жана металлургия тармагындагы өндүрүш системасын өнүктүрүүгө байланыштуу өз тажрыйбалары жана уникалдуу ыкмалары менен бөлүштү. Ошондой эле форумдун алкагында көргөзмө уюштурулуп, анда компания өз өнүмдөрү менен технологияларын сунуштады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков