Чарльз расмий түрдө Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун монархы болуп жарыяланды. Кечээ Касым-Жомарт Токаев аны тактыга келиши менен куттуктады. Мамлекет башчысы өз телеграммасында Казакстан Улуу Британия менен бекем достук байланыштарга, интенсивдүү саясий диалогго, өз ара пайдалуу соода-экономикалык байланыштарга негизделген бекем стратегиялык өнөктөштүктү жогору баалай турганын жана ар тараптуу кызматташтыкта элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берээрине ишенээрин белгиледи.
Елизавета II акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяк оона айынын 19да өтөт
Белгилей кетсек, Улуу Британиянын ханышасын акыркы сапарга узатуу зыйнаты дүйшөмбү күнү, аяк оона айынын 19да Вестминстер аббаттыгында өтөт. Элизабет IIнин сөөгү салынган табыт Эдинбургга алынып келинди. Колдорунда гүл кармаган миңдеген адамдар ханышага таазим кылуу үчүн Шотландия шаарынын көчөлөрүнө чыгышты. Шотландиялыктар Елизавета II менен Ыйык Эгидия соборунда коштошо алышат. Андан соң табыты Лондонго жеткирилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков