Мамлекет башчысы Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза борборуна барды

Мамлекет башчысы Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза борборуна барды

Касым-Жомарт Токаев бүгүн Астанадагы Санитардык-эпидемиологиялык экспертиза борборуна барды. Быйылкы жылы 8 заманбап лаборатория менен жабдыкталган жаңы имарат пайдаланууга берилди. 19 жылдан бери иштеп келе жаткан борбордо айлана-чөйрө объекттерине жана тамак-аш өнүмдөрүнө бактериологиялык, молекулярдык-генетикалык, паразитологиялык, санитардык-химиялык жана токсикологиялык, радиологиялык изилдөө иштери жүргүзүлөт. Тез жана туура жыйынтыктарды алууга мүмкүндүк берген лабораторияларда заманбап анализаторлор менен бирге агрессивдүү-химиялык реактивдерди талап кылбайт. Бул изилдөө убакытын бир топ кыскарткандан тышкары, каржыны да үнөмдөйт. Жакында изилдөөлөр номенклатурасын жылына 2 миңге чейин жеткирүү көздөлүп жатат. Ошону менен катар, изилдөөлөрдүн эл аралык сапат стандарттарын киргизүү натыйжасында борбор Референс-лаборатория боло алат. Башкача айтканда, бөлөк лабораториялардагы күмөн жараткан изилдөөлөрдүн тууралыгын ушу жерде так текшерүүгө болот.