Казакстан менен АКШ өз ара кызматташууну кеңейтүүгө кызыктар. Тараптар эки жактуу аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча келишимди карап жатат. Документ алкагында өз ара эки өлкөнүн ортосундагы авиа сапарлары чектөөсүз болот. Бул тууралуу Төмөнкү палатанын жалпы жыйынында Мажилистин Экономикалык реформа жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин төрагасы, депутат Альберт Рау билдирди. Анын айтымында, жаңы мыйзам долбоорунда «ачык асман» принциптери каралган. Анын алкагында тараптар аба каттамдарын ташуучулардын саны, учуулардын жыштыгы боюнча чектөөсүз аткара алышат.
Альберт Рау, РКнын Парламенти Мажилисинин экономикалык реформа жана аймактык өнүктүрүү комитетинин төрагасы:
- Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору тышкы транспорт каттамынын үзгүлтүксүз камсыз болушуна жана эл аралык аба багыттардын географиясын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Урматтуу кесиптештер, комитет бул мыйзам долбоорун негизге алып, ал боюнча жыйынтык чыгарууга даяр.
Эске салсак, Казакстан менен АКШнын ортосундагы ачык асман жөнүндө келишимге өткөн жылдын үчтүн айында кол коюлган. Кийинки кадам - документти ратификациялоо.
Которгон: Илгиз Жамалбеков