Өлкө жарандык авиациянын эл аралык уюмунун программасына экологиялык авиациялык отун тармагындагы программасына кошулат. Мындай келишимге Казакстан ИКАО менен КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп кол койгон. Ошентип, өлкө учуу учурунда курчаган айлана-чөйрөнү булгаган зыяндуу заттарды колдонууну азайтуу максатын көздөйт. Айтор, айлана-чөйрөнү коргоо багытын тандап алып, тараптар макулдашууга жетишкен. Белгилей кетсек, уюм 2050-жылга чейин эл аралык аба каттамдарынан таза нөлдүк эмиссияга жетүүнү көздөйт.
Адилет Көбенов, Транспорт министрлигинин жарандык авиация комитети башкармасынын башчысы:
- Бул документке ылайык, эл аралык жарандык авиация уюму Казакстан Республикасына авиациялык экологиялык отунду өнүктүрүүдө көмөк көрсөтөт. Ал үчүн керектүү кадрларды даярдоону уюштурат. Ошондой эле өлкөдө бул программаны андан ары өнүктүрүү үчүн тиешелүү маалыматтарды жана эл аралык тажрыйбаны сунуштоого көмөктөшөт. Белгилей кетсек, бул келишим Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүндө биринчи жолу кол коюлган жана Казакстан Республикасы үчүн жарандык авиацияны өнүктүрүүдөгү чоң кадам болуп саналат.
Мындан тышкары, документке ылайык, эл аралык уюм Казакстанга улуттук иш-чаралардын пландарына жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга киргизилген экологиялык жактан таза авиациялык отунга байланышкан маселелер боюнча техникалык жардам көрсөтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков