Казакстан менен Кения соода-экономикалык жана
гуманитардык кызматташтыкты кеңейтет. Президент Уильям Руто Казакстанга
мамлекеттик сапар менен келди. Бүгүн Астанада эки лидер тар жана кеңейтилген
форматтарда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Касым-Жомарт Токаев Кения Казакстандын
Африкадагы маанилүү өнөктөшү экенин белгиледи. Континенттеги алтынчы элчилик
Найробиде ачылды. Бул сапар кызматташууга жаңы дем берүүнү көздөйт. Өз
кезегинде Кениянын президенти өлкөнү маанилүү логистикалык борбор — Борбордук
Азияга жана Евразия аймагына чыгуучу негизги дарбаза катары көрөрүн белгиледи. Ишкерлер кеңеши - соода жүгүртүүнү
көбөйтүүгө жана конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүү максатын көздөйт. Аны
түзүү демилгесин Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Казакстан Евразиянын борборунда
жайгашкан, ал эми Кения Чыгыш Африкадагы экономикалык борбор болуп саналат. Бул
биздин эки тараптуу өнөктөштүгүбүздү кеңейтүү үчүн абдан маанилүү. Биргелешип,
биз Борбордук Азия менен Африканын ортосунда рынокторду, транспорттук жолдорду
жана инвестициялык агымдарды бириктирген бекем көпүрө кура алабыз. Биз жаңы эле
эки тараптуу мамилелердин негизги келечегин талкуулап, эл аралык күн тартиби
боюнча пикир алмаштык. Биздин өлкөлөр глобалдык маселелер боюнча окшош
позицияларды ээлешет, тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты жүргүзүшөт жана көп
тараптуу принциптерге негизделген дүйнөлүк тартипти ырааттуу жакташат.
Казакстан менен Кениянын ортосунда 1993-жылы
дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. Кениянын президенти Касым-Жомарт Токаев менен
2023-жылы Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолугушуусу
мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн баштапкы чекит болгонун баса белгиледи.
Уильям Руто, Кениянын Момбаса жана Ламу порттору аркылуу кызматташууну кеңейтүү
мүмкүнчүлүгүн белгиледи. Бул порттор Казакстандын аймактык рынокторуна кирүү
пункттары катары кызмат кыла алат.
Уильям Руто, Кения Президенти:
– Президент мырза, Найробиге
туруктуу элчи дайындоо чечимиңиз сиздин жана өкмөтүңүздүн Казакстан менен
Кениянын ортосундагы мамилелерге берген маанисин баса белгилейт. Менин
бул сапарым биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган
чечкиндүү кадам экенине ишендирип кетким келет.
Казакстан өзүнүн айыл чарба өнүмдөрүн, биринчи кезекте дан эгиндерин Африка рыногуна жеткирүүгө кызыкдар экенин Касым-Жомарт Токаев маалымат жыйынында белгиледи. Андан тышкары, өлкөлөрдүн ортосунда тоо-кен өнөр жайы жана жашыл энергетика жаатында кызматташуунун олуттуу келечеги бар. Кения электрондук өкмөт, IT, космос жана маалыматтык технологиялар жаатындагы тажрыйбабызга да кызыкдар. Тараптар ошондой эле өлкөлөрдүн ортосунда түз аба каттамдарын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ошондой эле он мекемелер аралык келишимге жана меморандумга кол коюлуп, Казакстан менен Кениянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн Касым-Жомарт Токаев Уильям Рутого 1-даражадагы Достук орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

