Президент чет элдик инвесторлор кеңешинин
жыйынынын алкагында дагы бир катар эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен
жолугушту. Америкалык Wabtec компаниясы - Казакстандын темир жол тармагындагы өнөктөшү.
Өлкөгө 230 млн доллардан ашык инвестиция салды. Касым-Жомарт Токаев компаниянын
президенти жана башкы аткаруучу мүдүрү
Рафаэль Сантана менен жолугушуусунда өлкө локомотивдин
жаңы түрлөрүн чыгаруу, сервистик борборлорду кеңейтүү сыяктуу бир нече багытта
кызматташтыкты улантууга ниеттүү экенин билдирди. Мамлекет башчысы
Philip Morris International компаниясынын КМШ жана Борбор Азия аймагы боюнча
президенти Марко Мариотти менен инвестициялык кызматташтык маселесин
талкуулады. Компания туруктуу өнүгүүгө жана инновацияларды киргизүүгө салым
кошуп келет. 1994-жылдан 2023-жылга чейин компания Казакстандын бюджетине 1,2
триллион теңгеден ашык салык которгон. Касым-Жомарт Токаев Citi банкынын
кардарлар менен иштөө боюнча башкы аткаруучу мүдүрү Дэвид Ливингстон менен да
жолугушту. Каржы уюму 30 жылдан ашык убакыттан бери өлкөнүн ишенимдүү өнөктөшү
болуп келет. Президент банктын инфраструктуралык долбоорлорго катышуусу
маанилүү экенин айтты. Чакан жана орто бизнести андан ары колдоо Казакстан
экономикасын ар тараптандырууга өбөлгө түзөрүн жеткирди. Швейцариялык Glencore
компаниясынын башкы мүдүрү Гэри Нейглмен менен болгон жолугушууда жергиликтүү
мазмунду көбөйтүү жана технологияларды өздөштүрүүгө көмөктөшүү механизмдери
талкууланды. Казакстандык ташуучуларды дүйнөлүк кошумча наркы жогору өнүм жеткирүү
чынжырына интеграциялоо чаралары каралды. Glencore «Казцинк» тоо-кен
компаниясынын акциялар топтомуна ээлик кылат. Компаниянын курамындагы ишканалар
Чыгыш Казакстан, Акмола жана Улытау облустарында жайгашкан.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

