Казакстандын Европа менен Азиянын ортосундагы жүк ташуунун кошумча багыттарын өнүктүрүү боюнча жогорку потенциалы бар. Бул тууралуу Брюсселде өткөн Берлин Евразиялык клубунун 35-жыйынында айтылды. Форумга ЕБ мамлекеттик органдарынын жана европалык түзүмдөрдүн, бизнес топторунун, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун 70тен ашык өкүлдөрү катышты.
Берлиндин Евразиялык клубунун жыйынында серепчилер Казакстандын масштабдуу реформаларын колдоп, саясий байланыштарды жана транспорттук-логистиканы өнүктүрүү долбоорлору боюнча кызматташууну улантууну көздөшөрүн белгилешти. Өз кезегинде өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун жана компаниялардын өкүлдөрү, европалык тарапка Транскаспий эл аралык транспорттук каттамдын өнүгүүсү тууралуу айтып беришти.
Алмас Ыдырысов, Казакстандын өнөр жай жана инфраструктураны өнүктүрүү министринин орун басары:
Геосаясий кырдаалды эске алуу менен Казакстандын транзиттик жана экспорттук жүктөрүн мындан ары ташуу маселеси көтөрүлдү. Бул көйгөйдү ушул колдонмонун жардамы менен чечсе болот. Себеби, бул каттам жүк ташууга мүмкүндүк берген альтернативдик жолдордун бири гана. Транзиттин көлөмү эки жарым эсе өстү. Аны көбөйтүүгө болот. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн ынтымактуу ишине жараша.
Хайнрих Керстгенс, «PHENUC GROUP» компаниясынын атайын долбоорлор боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:
Казакстанда өзүнчө транспорттук каттамдарды, башкача айтканда, Түндүк жана Түштүк каттамдарды өнүктүрүүдө чечүүчү роль ойноо үчүн бардык өбөлгөлөр бар. “Орто коридор” да активдүү өнүгөт. Бүгүнкү күндө анын жанынан 70 миңге жакын контейнер ташууга болот. Бул көрсөткүчтү 1 миллионго жеткирүү керек деп ойлойм. Анан ага инфраструктура керек. Келечекте иштей турган нерсе бар жана биз ага даярбыз. Максаттар көп. Ал эми аны ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар.
Ата мекендик жана европалык серепчилердин жолугушуусу Казакстандагы экономикалык жана социалдык реформаларга зор шыктангандыкты көрсөттү. Тараптар транспорт жана логистика, ошондой эле башка тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр.
Томас Хелм, «EURASIA МANAGEMENT SOLUTIONS» компаниясынын башкаруучу мүдүрү:
Казакстан Европа менен Азиянын ортосундагы жаңы транспорттук коридордо чоң мааниге ээ. Аймактары боюнча дүйнөдөгү эң чоң, калкы эң көп өлкөнүн ортосунда жайгашкан Казакстандын катышуусусуз эч нерсе иштебейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков