Армиянын күжүрмөн даярдыгынын абалы жана аскерлерди даярдоого карата жаңы ыкмалар жөнүндө коргоо министри – республиканын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчысы, президентке маалымат берди. Руслан Жаксылыков ошондой эле аскердик инфраструктуранын өнүгүшү, мамлекеттик коргоо тапшырыгынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымдады. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев министрдин алдына Армиянын күжүрмөн дараметин жогорулатуу, башкаруу процесстерин санариптештирүү, атайын операция күчтөрүн өнүктүрүү, социалдык жана идеологиялык иштерди күчөтүү боюнча конкреттүү милдеттерди койду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

