Казакстан дүйнөлүк демилгелердин жигердүү катышуучусу. Айрыкча курчап турган чөйрөгө кам көрүү боюнча кабыл алынган ар кандай экологиялык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү. Бул жаатта өлкө Борбор Азия чөлкөмүндө алдыда келе жатат. Бул тууралуу БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору «Silk Way» каналына берген эксклюзивдүү маегинде билдирди. Микаэла Фриберг-Сторинин айтымында, учурда өлкөдө Уюмдун 27 агенттиги жана фонду иштеп жатат. Алардын ишмердүүлүгү Өкмөттүн жана коомдун жаңы демилгелерин колдоого багытталган. Алардын арасында туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырууга чоң көңүл бурулат. Микаэла Фриберг-Стори Казакстан жашыл саясат концепциясын иштеп чыгуу үчүн санариптик модернизация жолун тандап алганын баса белгиледи. Ошону менен бирге ал өлкөдө «Үй-бүлөлүк санарип картасы» жүзөгө ашырылып жатканын мисал келтирди. Өнүккөн долбоорду башка өлкөлөрдө колдонуу үчүн чоң масштабда ишке ашырууга болоорун белгиледи. БУУнун өкүлү Казакстандын ушул жана башка глобалдык демилгелери дүйнөлүк коомчулук тарабынан колдоого алынаарын кошумчалады.
Микаэла Фриберг-Стори,
БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:
-Казакстан
Бириккен Улуттар Уюмунун жигердүү мүчөсү жана уюмдун структураларына катышууда
чоң тажрыйбасы бар өлкө. БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү болгондон тарта ал
уюмдун түрдүү системаларында татыктуу орунду ээледи. Акыркы 30 жылда өлкөнүн
өнүгүү ыргагы жогору. БУУнун Уставынын принциптерин бекем карманат. Биз Казакстандык
өнүгүүнүн жаңы деңгээлине жеткенин көрүп жатабыз. Уюм башка мамлекеттерге да
активдүү колдоо көрсөтүп келе жатканын билебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков