2023-жылы Казакстанда кандай саясий жана социалдык өзгөрүштөр орун алат?

2023-жылы Казакстанда кандай саясий жана социалдык өзгөрүштөр орун алат?

Алардын арасында Салык жана Социалдык кодекстер, сот, базалык көрсөткүчтөр, банкроттук сыяктуу маанилүү темалар камтылган. Өлкөнүн жаңы саясий маданияты жыл ичинде жаңы өзгөрүүлөргө бай болот. Кабарчыбыз баяндама жасап көрдү.

Өлкө ишенимин, коомдун үмүтүн актаган эл өкүлдөрүн шайлоо. Бул келерки жылдын негизги саясий өнөктүгү болмокчу. Парламенттин үчтөн бир бөлүгү мажоритардык система менен шайланат. Башкача айтканда, көпчүлүктүн каалоосу менен миңден бирөө гана элдин үнү менен сөзүнө айланат. Ал үчүн жарыштан озуп кетүү аздык кылат. Коомдун жарчысы болом деген антына бек турбаганы, бул жолдон жаза тайып кетиши турган кеп.

Геннадий Шиповских, Парламент мажилисинин депутаты:

- Бир мандаттуу шайлоо округдарынан шайланган жарандар үчүн атайын милдеттүү мандат киргизилүүдө. Бул эмне деген сөз? Эгерде сиз өз депутатыңызды шайласаңыз, казактарда айтмакчы “Эшегим суудан өткөндөн кийин башкалар менен ишим жок” деп жүрө турган болсо, сиз бир катар мыйзамдарга таянып, өзүнүн жоболоруна ылайык шайлоочулар менен биргеликте депутаттыктан алып салсаңыз болот.

Келерки жылдан баштап быйыл бекитилген мыйзамдын алкагында бир катар маанилүү социалдык реформалар ишке ашат. Бул документтер өлкөнүн саясий, экономикалык жана социалдык аспектилерин жакшыртууну камтыйт. Жалпылап келгенде, бардыгынын түпкү максаты – өлкө жарандарынын бакубаттуулугун жогорулатуу жана алардын жашоосун оптималдаштыруу.

Дархан Мыңбай, Парламент мажилисинин депутаты:

- Өлкөнүн жыргалчылыгы маселеси биринчи орунда. Эң алды менен аны жөнгө салуу үчүн көптөгөн чаралар көрүлөт деп ойлойм. Алардын арасында пенсиялык фонд көбөйүп, өсө турганы жана келерки жылы социалдык кодекс кабыл алынат. Элибиздин социалдык жагын жөнгө салууга, оңдоого таасирин тийгизет деп ишенем.

Снежана Имашева, Парламент мажилисинин депутаты:

- Социалдык кодексти талкууладык. Социалдык жактан аялуу топтордун тегерегинде көптөгөн өзгөрүүлөр болот. Калың калктын көксөгөнү бакубат жашоо, баалардын түшүүсү. Баары коомдук суроо талапка жараша болот. Коом эмне десе ошону жасайбыз, кандай талап койот ошону аткарабыз.

Өлкө өкмөтү 2023-жылы Парламент депутаттарынын кароосуна 20дан ашык жаңы документтерди сунуштоону көздөп жатат. Мында да коомдун муктаждыктары эске алынат. Депутаттардын жаңыланган курамы Суу кодекси, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жана адам сатууга каршы күрөшүү боюнча мыйзам долбоорлорун талкуулайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков