Өкмөт Казакстандын Конституциясын түшүндүрүү планын ишке киргизүүдө

Өкмөт Казакстандын Конституциясын түшүндүрүү планын ишке киргизүүдө

Премьер-министр Конституциянын жаңы жоболорун Казакстандын мектептеринин, колледждеринин жана жогорку окуу жайларынын окуу программасына киргизүүнү тапшырды. Өкмөттүн жыйынында Олжас Бектенов калктын укуктук сабаттуулугун калыптандыруу боюнча комплекстүү системаны иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал серепчилердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөнүн Баш мыйзамынын бардык жаңылыктары боюнча системалуу маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Бул темпти колдоп туруу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, Премьер-министр өкмөткө колдонуудагы мыйзамдарга талдоо жүргүзүүнү жана аларды жаңы Конституциянын кабыл алынган нормаларына ылайык келтирүүнү тапшырды.


Олжас Бектенов, Казакстан Премьер-министри:


Жаңы Конституциянын жоболорун эске алуу менен, учурдагы мыйзамдарды, программалык документтерди комплекстүү талдоону жана бардык колдонуудагы мыйзамдарды ошондой эле программалык документтерди актуалдаштырууну белгиленген мөөнөттө аяктоо зарыл. Бардык борбордук жана жергиликтүү аткаруу бийлик органдарына иш-чаралар планын ишке ашырууну камсыз кылууну тапшырамын.

Которгон: Илгиз Жамалбеков