Казакстанда
900дөн ашык инвестициялык долбоор ата мекендик прокурорлордун көзөмөлүндө.
Республиканын башкы прокурору бүгүн Касым-Жомарт Токаевге өлкөдөгү
инвестициялык абалды жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Мындай
иштердин аркасында 40тан ашуун инвестордун маселеси чечилди. Берик Асыловдун
айтымында, натыйжалуу ыкмаларды атайын мекемелер аралык комиссия иштеп чыккан.
Анын курамына ТИМдин, «Казак-Инвесттин», Улуттук ишкерлер палатасынын
кызматкерлери жана Бизнес-омбудсмен кирет. Ошол эле учурда, салымдардын
коопсуздук кепилдиктерин жогорулатуу үчүн санариптик технологияларды киргизүү
пландаштырылууда. Алар реалдуу убакыт режиминде инвестициялык долбоорду ишке ашыруунун
бардык процесстерине мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле, бизнеске карата
мамлекеттик органдардын чечимдерин прокурор менен макулдашууга мүмкүндүк берет.
Санариптик чечимдер чет өлкөгө которулган каражаттарды издөө үчүн да пайдаланылат.
Активдерди издөө, мыйзамсыз схемалардын бетин ачуу үчүн жасалма интеллектти
пайдалануу аркылуу IT технологиялар қолдонулат.
Берик Асылов эл аралык кызматташуу боюнча иштердин жыйынтыгын жарыялады. Анда Казакстан
34 чет мамлекет менен кылмыш-укуктук чөйрөдө 73 келишим түзгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков