Өкмөттө президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Өкмөттө президенттин тапшырмаларын ишке ашыруу маселеси талкууланды

Экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана казакстандыктардын жашоо деңгээлин жогорулатуу. Бул Өкмөттүн алдыдагы мезгилге карата ишинин негизги багыттары. Бул тууралуу президенттин кеңейтилген отурумда берилген тапшырмаларын ишке ашыруу маселеси боюнча министрлер кабинетинин жыйынында Премьер-министр билдирди. Мында министрлер жана акимдер ыкчам чечимдерди кабыл алууга жана коюлган милдеттердин аткарылышы үчүн толук жоопкерчилик тартууга тийиш. Мамлекет башчысы айткан ар бир багыт боюнча конкреттүү жыйынтык керек экендигин Олжас Бектенов баса белгиледи. Биринчи кезекте мамлекеттик бюджеттин артыкчылыктуу багыттарга бирдей бөлүштүрүлүшүнө көңүл буруу зарыл экенин айтты. Мекеме жетекчилери экономика тармактарынын өсүшүн камсыз кылуу, инвесторлор үчүн мыйзамдык шарттарды өркүндөтүү, сейрек кездешүүчү металлдар тармагын өнүктүрүү, өлкөдө инженердик, транспорттук-логистикалык жана жол инфраструктурасын жаңылоо боюнча пландар жөнүндө маалымдашты.


Марат Карабаев, Транспорт министри:

- Казакстандын аймагы боюнча транзиттин жалпы көлөмү өткөн жылы 2023-жылга салыштырмалуу 39%га өстү жана 5 миллион тоннаны түздү, ошону менен бирге Кытайдан транзит 67%га артып, мындан аркы өсүштү камсыз кылуу динамикасын сактоо үчүн төмөнкү чаралар көрүлөт: уруксатсыз автоташуулар системасы бар өлкөлөрдүн тизмесин кеңейтүү, чет өлкөлүк уруксат банктарынын электрондук форматын өнүктүрүү, КЭР менен чек арада бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү, мультимодалдык ташуулар үчүн бирдиктүү транспорттук документти киргизүү. Автоташуучулар үчүн инфраструктура жаатында быйылкы жылы курулуш, оңдоо иштери 9,5 миң чакырымды камтыйт.

Канат Шарлапаев, Курулуш жана өнөржай министри:

- 10 ири компаниянын инвестициясынын көлөмү геологиялык чалгындоого 41 миллиард теңгени түзүп, 25 миң километрден ашык аянтты изилдөөнү камсыз кылат. Реформаланган базанын институционалдашуусун жана ачыктыгын бекемдөө максатында өткөн жылы жер казынасын пайдалануунун бирдиктүү платформасы ишке киргизилген, анда платформа ишке киргизиле баштагандан тартып жер казынасын пайдалануучулардын 506 билдирмеси иштелип чыккан, кагаз түрүндөгү өтүнмөлөрдү кабыл алуу толугу менен токтотулган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков