Казакстандын
Президенти Катар мамлекетине жасаган иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү
жолугушууларды өткөрдү. Кызылордо облусунда буу-газ орнотмосун салуу жана облустар аралык электр
тармактарын орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Power International
Holding компаниясынын ээлери Муатаз Ал-Хаят жана Рамез Ал-Хаят менен жолугушту.
Мындан тышкары Катар конгломератынын жетекчилери жасалма интеллект багытында
биргелешкен демилгелерди колго алууга даяр экендиктерин билдиришти. Муну менен
катар, компаниянын энергетика,телекоммуникация тармагындагы ири инвестициялык
долбоорлорду ишке ашыруусунун жүрүшү каралды. Касым-Жомарт Токаев бул
долбоорлор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого олуттуу салым кошооруна
көңүл бурду. Ошондой эле, президент Казакстан өкмөтү тарабынан катардагы
инвестор үчүн жагымдуу шарттар түзүлөрүн ырастады.
Нурлан
Жакыпов, «Самрук-Казына» улуттук социалдык фондунун башкарма төрагасы:
- Газ тармагында «Казгаз» эки газ түтүгүнүн жана эки газ иштетүүчү заводдун курулушун ишке ашырат. Биринчи газ кууру – «Актөбе-Костанай». Аталган газ кууру 2026-жылы пайдаланууга берилет. Экинчи «Бейнеу-Бозой-Шымкент», ал дагы 2026-жылы ишке ашырылат деп күтүлүүдө. Газ иштетүүчү заводдорго келсек, кубаттуулугу жылына 1 млрд куб метр болгон завод 2026-жылы пайдаланууга берилет. Кубаттуулугу 2,5 миллиард кубометр болгон экинчи завод 2029-жылы ишке кирет.
Мамлекет
башчысы Nebras Power компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы менен кайра
жанма энергия булактары тармагындагы инвестициялык кызматташуунун келечеги
тууралуу баарлашты. Касым-Жомарт Токаев Астана менен Доха ортосундагы узак
мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө кубаттуулугу 300 мегаватт болгон
Семей ГЭСинин куруу боюнча келишимди кубаттады. Мухаммед Нассер Ал-Хаджри
мамлекет башчысына биргелешкен долбоорду ишке ашыруунун негизги этаптары
жөнүндө маалымат берип, Казакстандын «жашыл» энергетика тармагындагы зор дараметин
белгиледи. Өлкө башчысы Катар эмиринин
стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөн эки тараптуу мамилелерди чыңдоого
кошкон салымын жогору баалады. Касым-Жомарт Токаев жана шейх Тамим бен Хамад
Аль Тани банк, телекоммуникация, энергетика, айыл чарба жана медицина
тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Казакстандын
президенти Катар бизнеси менен биргелешкен долбоорлор эки өлкөнүн өнүгүүсүнө
өбөлгө болот деген ишенимин билдирди. Ал эми Катар эмири Астана менен Доха
ортосундагы кызматташтык узак мөөнөттүү стратегиялык мүнөзгө ээ экендигин баса
белгиледи. Ошондой эле, анын айтымында, өкмөттөр жетишилген келишимдерди
жогорку деңгээлде ишке ашыруу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

