Казакстандын мүмкүнчүлүктөрү Француз бизнесине сунушталды

Франция менен Борбор Азия чөлкөмүнүн ортосундагы сооданын 80% дан ашыгы Казакстанга туура келет. Быйыл эле эки тараптуу соода алмашуу 45% га жогорулады. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Инвестициялык тегерек столдун катышуучулары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы Франциядан тартылган түз инвестициянын көлөмү артып, 900 миллион долларга жакындаганын көңүл сыртында калтырган жок.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Энергетика ар дайым өз ара аракеттенүүнүн негизги багыты бойдон калууда. Биз Евробиримдикке мунай жана уран жеткирүүчү өлкө катары Франциянын энергетикалык көз карандысыздыгын мындан ары да колдоого даярбыз. Биз Казакстанда француз өнөр жайынын өкүлдөрүнүн көп болушун каалайбыз. Анткени алар ата мекендик өндүрүшкө алдыңкы технологияларды алып келишет. Өлкө дүйнөдөгү эң ири уран өндүрүүчүсү болуп саналат. Ал эми Франция атомдук өнөр жайда чоң тажрыйбага ээ. Ошондуктан, биз Атомдук энергияны тынчтык жолу менен пайдалануу боюнча кызматташа алабыз.

Казакстан менен Франциянын ишкер мамилелери экономиканын бардык тармагында маанилүү. Касым-Жомарт Токаев Франциянын президенти Эммануэль Макронду келерки жылы мамлекеттик сапар менен Казакстанга келүүгө чакырды. Ал эми француз ишкерлерине 2025-жылдын бугу айында өтө турган Астана эл аралык форумуна катышууну сунуштады.

Казакстан президенти Францияга болгон мамлекеттик сапары алкагында бир катар жолугушууларды өткөрдү

Андан кийин Казакстандын президенти бир катар жолугушууларды өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев дүйнөдөгү эң ири атомдук электр станцияларынын операторунун башкы мүдүрү менен энергетика жаатында кызматташуунун келечегин талкуулады. Люк Ремон Électricité de France «Казатпромөнөржай» менен өз ара пайдалуу өнөктөштүктү улантууга ниеттенип жатканын ырастады. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле атомдук өнөр жайынын ири эл аралык Orano S.A компания башчысы  Николя Маса менен жолугушту. Тараптар илимий-техникалык, сейрек кездешүүчү металл өндүрүү жана кайра иштетүү жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөө маселесин карашты. Кеме каттамы компанияларынын башчысы Родольф Саад менен жолугушууда тараптар Казакстандын транспорттук-логистикалык комплексин өнүктүрүүгө көңүл бурушту.

Которгон: Илгиз Жамалбеков