Казакстан геологиялык чалгындоо тармагындагы эл аралык өнөктөштүктү күчөтөт

Казакстан геологиялык чалгындоо тармагындагы эл аралык өнөктөштүктү күчөтөт

Геологиялык чалгындоо иштерине артыкчылык берүү келечектеги масштабдуу план болуп саналат. Максат айкын, келерки милдет — Казакстандын бул багыттагы дараметин максималдуу пайдалануу. Мындан ары «жаңы мунай» деп саналган сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдардын корлорун табуу, жаңы кендерди ачуу аракеттери көрүлөт. Өлкө  жер казынасын изилдөөдөн мурда илимий методдорду иштеп чыгуу керек. Бул жаатта дүйнөнүн алдыңкы илимий борборлору менен байланыш түзүү абдан маанилүү дейт серепчилер. Мындай кызматташуу дүйнөлүк масштабда атаандаштыкка туруштук бере ала турган, кошумча наркы жогору ата мекендик даяр өнүмдөрдү чыгарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Буга байланыштуу Казакстанда Horizon Europe координациялык борбору иштей баштаганын белгилей кетүү керек. Жыл сайын Европа Биримдиги өзүнүн алкагында илимий долбоорлорго атайын гранттарды берет.

Алия Сембаева, «Илим фонду» АК башкарма төрагасынын орун басары:
-Үстүбүздөгү жылдын чын куран айында өлкөнүн Илим жана жогорку билим берүү министрлиги, Илим фондун Европа биримдигинин илим жана инновация боюнча негизги программаларынын улуттук координациялык борбору катары белгилеген. Программа Horizon Europe деп аталат. 2021-2027-жылдарды камтыган программанын бюджети болжол менен 100 миллиард еврону түзөт. Бул багытта казакстандык илимпоздорго, ата мекендик уюмдарга, өнөр жай ишканаларына сынактарга катышып, каражат алууга көмөктөшөбүз. Алардын жөн гана каржыга мүмкүнчүлүгү жок. Жаңы долбоорлорду ишке ашыруу менен өндүрүштү жана технологияны өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Президент Касым-Жомарт Токаев өз кайрылуусунда сейрек кездешүүчү металлдардын корлорун көбөйтүүнү жана жаңы кендерди чалгындоого артыкчылык берүүнү тапшырды. Үч жылдан кийин жер казынасын изилдөө аянтын 2 миллион 200 миң чарчы километрге чейин көбөйтүү пландаштырылууда. Бул жараянда жаңы технологиялардын жана инвестициялардын ролу өзгөчө болот.

Роберт Брутзински, Казакстандагы Европа Биримдиги деллегациясынын долбоордук менеджери:
-Чет элдик инвестицияларды тартуу өтө татаал процесс. Бул үчүн ар кыл тармактар ​​менен тыгыз иштешүү зарыл. Мамлекет башчысы бул иштин алдыга жылышына түрткү берүүнү тапшырды. Анын артында жигердүү иштер турат. Казакстандын инвестициялык климатын жакшыртуу боюнча конкреттүү чаралардын комплекси зарыл.

Азыр өлкөнүн Өкмөтү бул боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыгууда. Бул президенттин тапшырмасы. Натыйжада өз каражаттарын геологиялык чалгындоо иштерине салууга даяр болгон инвесторлорго жер казынасын пайдаланууга артыкчылык укугу берилет. Мындан тышкары, мындай долбоорлорду бекитүү мөөнөтү жана жол-жоболору 2 эсеге кыскартылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков