Президент Астана акимин кабыл алды

Президент Астана акимин кабыл алды

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Бул тууралуу Астананын акими Жеңис Касымбек мамлекет башчынын кабыл алуусунда билдирди. Президентке ошондой эле жылуулук жана электр энергиясы, суу насостук станцияларынын, медициналык пункттардын курулушунун жүрүшү, шаарды газ менен камсыздоо, көрктөндүрүү иштери тууралуу маалымат берилди. Астананын акими быйыл 6,5 миң социалдык батир куруу пландалып жатканын айтты.  Буга кошумча, 2 нөөмөт менен билим алып жаткан 90 миң окуучуга ылайыкталган 24 мектептин долбоору иштелип чыгууда. Жолугушуунун соңунда Касым-Жомарт Токаев Астананы мындан ары өнүктүрүү жана борбор калаа тургундарынын орчундуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Жеңис Касымбек, Астана шаарынын акими:

- Мамлекет башчысына экономикалык жана социалдык абал боюнча отчет берилди. Булардын ичинен жыл башынан бери экономиканын бардык тармактарында өсүш, оң динамика байкалды. Алардын арасынан шаардагы инвестициянын өсүшү былтыркыга салыштырмалуу 20 пайызга өскөнүн көрсөттү. Буга кошумча мамлекет башчыга инженердик инфраструктура боюнча отчет берилди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков