Атом энергетикасынын келечеги кең жана дарамети чоң. Бул тууралуу бүгүн Астанада өткөн форумдун жүрүшүндө серепчилер билдиришти. Жаңы жана экологиялык таза кубаттар жогорку технологиялык өндүрүш очокторунун курулуусуна түрткү берет. Тармак адистеринин айтымында, бул эң алды менен Казакстанда ата мекендик машина жасоо жана IT-индустрияны ылдам өнүктүрүүгө салым кошот. Башкача айтканда, өлкө экономикасын көтөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Казакстан атом электр станциялары” ишканасынын башкы мүдүрү Тимур Жантикиндин айтымында, өлкөдө АЭСтердин курулушу энергетикалык коопсуздукту камсыз кылат. Мындай станциялар 60 жылдан кем эмес кызмат кылууга жөндөмдүү. Тагыраагы, заманбап долбоор ишке ашса, өлкө көп жылдар бою үзгүлтүксүз энергия булагы менен камсыз болот. АЭСтин курулушуна байланыштуу адистер анын коопсуздугу боюнча маселени көтөрүштү. Алардын айтымында, акыркы муундагы жаңы реакторлор эң жогорку стандарттарга жооп берет. Бирок өлкөдө мындай станция курулабы же жокпу? Ал азырынча белгисиз. Акыркы чекитти коомчулук өзү коёт. Чечим жалпы улуттук референдумда жарандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгына түздөн-түз байланыштуу болот.
Тимур Жантикин, «Казакстан
атом электр станциялары» ЖЧК башкы мүдүрү:
- Ишенимдүү энергия
менен камсыз болгон учурда мыкты өнөр жай долбоорлору ишке ашырыла баштайт. Мындай
долбоорлор биз үчүн маанилүү. Себеби, ал биздин экономиканы чийки затка болгон
көз карандылыктан арылтат. Бул станция 33+ муундагы ректорлордун негизинде
түзүлөт. Өз кезегинде ал жогорку коопсуздук менен камсыз кылат. Азыр биз суу
реакторлорун маанилүү багыт катары карап жатабыз. Алар жогорку ишенимдүүлүк
көрсөтүштү. Башкача айтканда, мындай реакторлордо авария болгон эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков