Казакстан менен Тажикстандын ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөн 30 жыл ичинде 100дөй документтерге кол коюлду. Эки тараптуу кызматташтык саясий, аскердик, соода-экономикалык, маданий жана башка тармактарда ийгиликтүү өнүгүп жатат. Өткөн жылдын 11 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү бир миллиард доллардан ашкан. Келечекте бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Казакстан Тажикстандын дүйнөдөгү негизги үч соода өнөктөшүнүн бири. Тажикстан Казакстан менен соода жүгүртүү боюнча өз кезегинде КМШ өлкөлөрүнүн ичинен үчүнчү орунда турат. Дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына карата Дүйшөмбү шаарында өлкө элчилигинин демилгеси менен Шамшы Калдаяков атындагы облустук филармониянын искусство чеберлеринин концерти болуп өттү. Артисттер казак элдик ырлары менен күүлөрүн, Калдаяковдун, Тлендиевтин, Байбосыновдун белгилүү чыгармаларын аткарышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков