Казакстан менен Кытай наркы болжол менен 100 млн долларды түзгөн экспорттук келишимди убадалашты

Казакстан менен Кытай наркы болжол менен 100 млн долларды түзгөн экспорттук келишимди убадалашты

Казакстан менен Кытайдын бизнес өкүлдөрү 100 миллион долларга жакын экспорттук келишим тууралуу макулдашты. Документтерге Сиань шаарында кол коюлду. Талдоочулардын айтымында, бул эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкка дем берип, атамекендик товар өндүрүүчүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мындан тышкары, «Цзянсу - Борбордук Азия көп функционалдуу комплекси» ишкердик байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Аны Астанада куруу көздөлүп жатат.

Елжан Коржеубаев, Соода жана интеграция министрлиги экспортту жогорулатуу департаментинин башкы серепчиси:

- Ал, товар жүгүртүүнү көбөйтүү багытында атамекендик бизнес үчүн чоң платформага айланат. Казакстан менен Кытайдын ортосундагы соода-сатык жана кызматташтыкты бекемдейт. Көп тармактуу формада соода борборлору болот. Мындан тышкары, бизнес өкүлдөрү үчүн сүйлөшүүлөр үчүн натыйжалуу аянтчалар түзүлөт.

Кытайлык ишкерлер Атырау облусуна дагы 100 миллион доллар инвестиция салууга кызыкдар. Аймакта жеке экономикалык аймак же индустриалдык парк түзүлүшү мүмкүн. Кытайдын 7 ири компаниясы аталган долбоорго кызыгуусун билдирип жатышат. Алардын арасында мунай химиясы, кайра жанма энергия, курулуш материалдары жана таштандыларды кайра иштетүү боюнча лидерлер бар.

Елжан Коржеубаев, Соода жана интеграция министрлиги экспортту жогорулатуу департаментинин башкы серепчиси:

- Аталган парк жогорку технологиялык өндүрүштүн борбору болот. Экологиялык таза багытта иштейт. Бул долбоорлордун бардыгы чет элдик инвестициялардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Белгилей кетсек, Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 44 млрд долларга жеткен. Учурда тараптар бул көрсөткүчтү 80 млрд долларга жеткирүүнү көздөшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков