Астанада Түрк мамлекеттери уюму элдери юстиция министрлеринин алгачкы жыйыны өттү

Астанада Түрк мамлекеттери уюму элдери юстиция министрлеринин алгачкы жыйыны өттү

Астанада Түрк мамлекеттеринин юстиция министрлер кеңешинин биринчи жыйыны өттү. Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түрк мамлекеттеринин башкы катчысынын жыйыны Казакстандын Юстиция министрлигинин төрагалыгы астында болду.  Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар укук жана сот адилеттиги жаатында кызматташуу жана өнөктөштүк маселелерин талкуулашты. Тактап айтканда, министрлер аталган тармакты санариптештирүү зарылдыгын белгилешти. Тараптардын бул багыттагы кызматташтыгы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөргө юстиция органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Бул макулдашууларды ырастоо максатында министрлер стратегиялык документке – Астана декларациясына кол коюшту.

Азамат Ескараев, Юстиция министри:

– Биз үчүн бул кеңешти түзүүнүн максаты биринчи кезекте мыйзам чыгаруу, андан кийин соттук-укуктук экспертиза сыяктуу маселелер боюнча тажрыйба алмашуу. Биз ошондой эле сот органдарын санариптештирүүдөгү жетишкендиктерибиз менен бөлүшкүбүз келет. Кесиптештерибизге да бере турган көп нерсебиз бар. Мындан тышкары, виртуалдык соттук экспертиза боюнча түрк кесиптештерибиз менен тажрыйба алмашууну көздөп жатабыз. Биз 2025-жылы Түрк мамлекеттеринин Юстиция министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын Азербайжанда өткөрүүнү каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков