Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын Президенти
менен жолугушту. Эмомали Рахмон Астанага Регионалдык экологиялык саммитке жана
Аралды сактоо боюнча эл аралык фонддун уюштуруучу мамлекеттеринин башчыларынын
кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Тараптар казак-тажик мамилелеринин
келечегин талкуулап, эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк деңгээлин
жогорулатууга макулдашышты. Жолугушууда мурда жогорку деңгээлде жетишилген
макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди. Касым-Жомарт
Токаев менен Эмомали Рахмон ошондой эле аймактык жана эл аралык күн
тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

