«Нур Отан» партиясынын аталышы «Аманат» болуп өзгөртүлөт. Мындай сунушту Ерлан Кошанов партиянын борбордо өткөн кезексиз курултайында берди. Төмөнкү палатанын спикеринин идеясын президент Касым-Жомарт Токаев колдоду. Президент саясий биримдикти толук трансформациялоо зарылдыгын белгиледи. Бул бюрократиядан баш тартып, шайлоочулар менен тыгыз иштешүү дегенди билдирет. Ошондой эле, сьездде партиянын саясий кеңешинин жаңы курамы шайланды. Ага премьер-министр Алихан Смаилов жана президенттик аппараттын жетекчиси Мурат Нуртилеу кирди. Ал эми Мажилистин экс-спикери Нурлан Нигматулин менен Павлодар мунай химиялык комбинатынын башкы мүдүрү Оспанбек Алсеитов тескерисинче саясий кеңештин курамынан чыкты. Мындан тышкары, партияда кадрлардын кыскарышы күтүлүүдө. Тактап айтканда, аймактардагы партиялардын төрага орун басарлары болбойт. Алардын функцияларын катчылар аткарышат. Алдыдагы өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө уюмдун коомдук кеңештеринин санын бир топ кыскартуу мерчемделүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков