Казакстандын деңиз порттору аркылуу жүк ташуу көлөмү эки эсеге өстү. Маселен, быйылкы жылдын биринчи кварталында Актау порту аркылуу 1 миллион 200 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Республика чет мамлекеттерге эгин, көмүр, мунай өнүмдөрүн, жер семирткичтерди, химиялык жана башка заттарды экспорттойт. Порт жыл бою кемелердин бардык түрүн кабыл алат. Бул жердеги ачык кампаларда 2500 контейнер бар.
Абай Түрикпенбаев, Актау эл аралык деңиз соода портунун президенти:
- Биз Транскаспий эл аралык транспорт ассоциациясын түздүк. Аталган жараянга катышуучулардын бардыгы кирет. Албетте, бул багыттагы тар аймактарды кеңейтебиз. Биз санариптештирүү, бажы процедураларын жөнөкөйлөтүү жана жараяндарды тездетүү аркылуу өткөрүү көлөмүн 20 пайызга жогорулата алабыз.
Ал эми Курык портуна транспорт, тамак-аш, өнөр жай жабдуулары жана курулуш материалдары импорттолот. Транзит менен электроника, текстиль жана металл буюмдары алып келинет. Бул жердеги инфраструктура автоунаа жана темир жол бекеттеринен турат. Акыркысынын кубаттуулугу жылына 4 миллион тоннага жетет. Эки причал бир эле учурда төрт паромду тейлей алат. Жүктөр «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштетилет.
Серик Ахметов, Курык портунун башкы мүдүрү:
- Өткөн айда биз трафиктин көлөмүн үч эсеге көбөйттүк. Бул автоунаалардын жана вагондордун саны үч эсе көп, натыйжада үч эсе көп жүк иштетилет дегендик. Түркиядагы бардык логистика автоунааларга негизделген. Ошондуктан биз еврофуралар үчүн коридор түзүүгө көңүл бурдук.
Көптөгөн эл аралык коридорлордун дагы бир компоненти Каспий деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан. Актаунун түндүк терминалынан жүк негизинен Иран, Орусия жана Азербайжанга жөнөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков