Өлкөдө бир нече социалдык объект курулат

Өлкөдө бир нече социалдык объект курулат

Казакстанда жакынкы 4 жылда жаңы социалдык объекттер курулат. Алардын жалпы наркы 260 миллиард теңгеден ашат. Анын баары мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 2024-2028-жылдарга Комплекстүү планды бекитүү боюнча тиешелүү токтомго Алихан Смаилов кол койду. Документ мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруунун алкагында кабыл алынганы айтылат. Касым-Жомарт Токаев социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке инвестицияларды тартууга чакырган. Анда алардын үлүшү 70% кем эмес, ал эми мамлекеттики 30% болушу керек. Жалпысынан республика боюнча жогорку билим берүү, саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан коргоо, спорт, билим берүү сыяктуу тармактар ​​боюнча 43 объектти куруу пландалууда. Алардын арасында студенттик жатаканалар, клиникалар, реабилитациялык жана билим берүүчү ден соолук борборлору, спорт залдары, ошондой эле, мектеп жана өнөр мектептери бар.

Динара Алимова, Премьер-министрдин басма сөз катчысы:
- Мындан сырткары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн комплекстүү планы алкагында жаңы 3 эмкана жана 3 реабилитациялык борбор, 8 жаңы спорт залы, 5 окуу-ден соолукту чыңдоо борбору, 5 окуучулар сарайы жана 10 өнөр мектеби ачылат.

Жогоруда белгиленген объекттер курулгандан кийин аларды жеке өнөктөштөр иштетет деп күтүлүүдө. Бирок алар техникалык жактан тейлөөнү 10 жыл бою камсыздоого милдеттендирилет. Белгилей кетүүчү жагдай, объекттер пайдаланууга берилгенден кийин мамлекеттин менчигине өткөрүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков