Борбор
Азия өлкөлөрү жана Кытай маршруттук тармакты кеңейтүү жана аймактын борбор
шаарлары менен ири шаарларынын ортосунда жаңы каттамдарды ачуу боюнча макулдашты.
Мамлекеттер учуулардын жыштыгын көбөйтүүнү
пландаштырууда. Тараптардын өкүлдөрү Астана шаарында өткөн «Борбор
Азия – Кытай» жарандык авиация тармагында кызматташуу боюнча
жумушчу топтун экинчи конференциясынын жүрүшүндө бир катар келишимдерге кол
коюшту. Ага авиациялык бийлик органдарынын жетекчилери, авиакомпаниялардын,
аэропорттордун жана аэронавигациялык кызматтардын өкүлдөрү катышты.
Салтанат Томпиева, Казакстандын транспорт министрлигинин жарандык авиация
комитетинин төрайымы:
- Биз Казакстанда
толугу менен жүк ташуучу авиацияны өнүктүрүүнү, аймагыбызда ири аэрохабдарды
түзүүнү каалайбыз. Дал ушул
конференция, менимче, аймактагы позициябызды күчөтөт жана бекемдейт. Биз
өзүбүздү чоң глобалдык авиациялык картада көрсөтө алабыз.
Бүгүнкү күндө Кытай менен Борбор Азия республикаларынын
борборлорун жумасына 150дөн ашык рейс байланыштырат. Бул өткөн жылга
салыштырмалуу эки эсе көп. Тараптар мындан ары да аба каттамдарын кеңейтүүнү,
бажы процедураларын жөнөкөйлөтүүнү жана тажрыйба алмашууну көздөшөт.
Канат Төлөгөнов,
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация
мамлекеттик агенттигинин мүдүрүнүн орун басары, Кыргызстан:
- Кытайлык кесиптештер менен өлкөлөрүбүздүн ортосундагы каттамдардын санын көбөйтүү боюнча меморандумга кол коюлат, анткени азыркы учурда 4 шаарга каттамдар аткарылууда: Бээжин, Сиань, Чэнду жана Үрүмчү. Каттамдардын санын көбөйтүү боюнча меморандумга кол коюп, өлкөлөрүбүздүн ортосунда каттамдар көбөйөт деп үмүттөнөбүз.
Которгон: Назира
Бегалиева

