Оксфорд профессору Питер Франкопандын Алматыга болгон иш сапары

Борбордук Азия чөлкөмү бардык багыттар боюнча жигердүү өнүгүп жатат.  Акыркы жылдарда бул темп тездеди - дейт белгилүү британиялык окумуштуу, бир катар дүйнөлүк бестселлерлердин автору Питер Франкопан. Оксфорд профессору Алматыга болгон иш сапарынын алкагында казак жана орус тилдеринде жарык көргөн «Жердин айтылбаган тарыхы» аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү. Көрүнүктүү тарыхчы өрнөктүү өмүрүнүн 30 жылдан ашыгын  Борбор Азияны изилдөөгө арнаган. Андыктан, илимий ишинде бул мезгилде чогулткан аймактын өткөнү тууралуу маалыматтар менен бөлүшүп, анын азыркы замандагы маанисин баса белгилеген. Жазуучунун айтымында, бул аймакка илимий чөйрөнүн кызыгуусу жогору экени байкалат. 

Питер Франкопан, дүйнөлүк тарых профессору, Оксфорд:

– Дүйнөнүн маанилүү бөлүгү деп эсептелген аймак тууралуу жазылган маалыматтар аз. Мен университетте Борбор Азия тууралуу көп окуган эмесмин. Жеке изденүүмдө табылган маалыматтар мени өзүнө тартты. Канчалык көп окусам, ошончолук тереңдеп кеттим. Мен үчүн Улуу Жибек жолу, анын боюндагы байыркы шаарлар жана бай маданият абдан кызыктуу жана маанилүү көрүндү. Мен бул аймакка 35 жылдан кийин кайтып келдим. Ошондон бери кыйла өнүккөнүн көрүп турам. Бул тенденция уланат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков