Борбор калаада "SATISFACION FESTIVAL ASTANA-2023" музыкалык
фестивалы өттү. Бул КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык туризм тармагында уюштурулган
салттуу масштабдуу иш-чаралардын бири. Бул жолу Джон Ньюман, Минелли, Адам Клэй
сыяктуу дүйнөгө белгилүү хедлайнерлер өз өнөрлөрүн тартуулашты. Өткөн жылы 8
миңден ашуун кишини чогулткан ачык асман алдындагы фестивалга быйыл 10 миңге
жакын конок келген. Ага Борбор Азия жана Европа өлкөлөрүнөн, ошондой эле
Казакстандан көптөгөн туристтер күбө болушту. Негизги максат – Казакстанды
саякатчылар үчүн жагымдуу кылып, өнөр жай дараметин жана туристтик агымды арттыруу.
Акжол Сырттанбеков, «KAZAKH TOURISM» УК» департаментинин менеджери:
Бул фестивалдын негизги өзгөчөлүгү гастрономиялык аянтчаларды түзүү болуп саналат. Ал жерде ата мекендик өнүмдөр, башкача айтканда, улуттук ашканабыздын салттуу тамактарын сунуштайбыз. Көптөр үй-бүлөсү, балдары менен келип, көңүл ача алышат. Ошондой эле бул жолу программага казак сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн жарманкесин коштук. Мындан тышкары, ата мекендик дизайнерлердин жана мода үйүнүн өкүлдөрүнүн чыгармаларына суктанууга болот. Иш-чара концерт менен чектелбейт. Мындай кадам менен биз Казакстанда чыгармачылык туризм багытын өнүктүрүүнү каалайбыз.
Адам Клей, ырчы,
продюсер/Италия:
Мен борборго биринчи жолу
келдим. Шаар менен эки күн тааныштым. Мага баары жакты. Ал жерде абдан сулуу,
жылуу, маданияттуу адамдар жашаарын көрдүм. Бул абдан кызыктуу сапар болду.
Шаардын курулушу таң калыштуу экен. Эски менен жаңы, азыркы жана келечек жакшы
айкалышкан. Бул абдан таасирдүү көрүнөт. Мен бул жерге дагы бир жолу келип, шашпай
жакындан таанышам.
Которгон: Илгиз Жамалбеков