Казакстандын Көркөм Академиясына – 15 жыл. Улуттук музейде юбилейге арналган «Улуу талаа обону көргөзмөсү ачылды. Кабарчылар экспозициянын ачылышында болуп, республиканын эң мыкты чеберлеринин өчгөчө эмгектери менен таанышышты. 150дөн ашык сүрөттөр, 30дан ашык графикалык иштер жана архитектуралык планшеттер. Көргөзмө - Казакстандын Көркөм Академиясына катышкан ар бир адамдын чыгармачылыгынын визуалдык кызматташтыгы болуп калды. Бүгүнкү күндө чыгармачыл чөйрө казакстандыктарды гана эмес, Борбордук Азия, Европа, КМШ жана Америка өлкөлөрүндө жашаган мекендештердин башын бириктирип турат.
Калиолла Ахметжан, Казакстандын Көркөм академиясынын академиги, Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү:
Ал ар кандай жанрда иштеген түрдүү багыттагы сүрөтчүлөрдүн башын бириктирип, анда сүрөтчүлөрдөн тышкары археологдор, архитекторлор жана жазуучулар бар. «Искусство Академиясы» коомдук фондуна маданияттын ар кыл тармактарынын өкүлдөрү кирет. Көркөм академия өзүнүн милдеттерине биздин маданияттын өкүлдөрүнүн мүмкүн болушунча көбүрөөк кеңири катмарларын бириктирүүгө аракеттенет.
Ата мекендик искусство чеберлерин, коңшу өлкөлөрдөн келген кесиптештерин куттукташты. Андрей Блиок Орусиянын Көркөм академиясынын атынан казакстандык көрүнүктүү сүрөтчүлөргө диплом, медалдарды тапшырды. Ошол эле учурда борбордогу көргөзмөгө өзүнүн эмгектерин алып келген.
Андрей Блиок, Орусиянын Көркөм Академиясынын мүчө-корреспонденти:
Бул көргөзмөдө менин эки эмгегим көрсөтүлөт, алар 2016-жылы жаралган, бул Астананын көрүнүшү, мен аны Талаадагы керемет деп атадым, экинчи эмгегим – Хазрет Султан мечитинин ички жасалгасы, графикалык нерселер, бул эмгектерим 7 жылдан кийин Астанага кайтып келип, Көркөм Академиянын 15 жылдык мааракесине арналган көргөзмөдө коюлганына кубанычтамын. Бул ынтымактуу коллектив – бардык артисттер бири-бирине жардам беришет, конокко чакырышат, биз бир топ жакын болуп калдык, бир үй-бүлөдөй десем болот.
Көргөзмө бир ай бою көрүүчүлөр үчүн ачык болот. Бул жерде сиз уникалдуу жана сейрек экспонаттарды көрө аласыз. Бул живопись, графика, скульптура, көркөм кол өнөрчүлүк, ошондой эле архитектура чыгармалары.
Которгон: Илгиз Жамалбеков