«Казакстан элине» фонду 130дан ашык кайрымдуулук программасын ишке ашырууда

«Казакстан элине» фонду 130дан ашык кайрымдуулук программасын ишке ашырууда

Президент Касым-Жомарт Токаев «Казакстан элине» коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Лаззат Чинкисбаеваны кабыл алды. Мамлекет башчысына анын иши тууралуу маалымат берилди. Бүгүнкү күндө фонд билим берүү, спорт, маданият жана саламаттыкты сактоо тармактарында 130дан ашык кайрымдуулук программаларын жана долбоорлорун бекитти. Атап айтканда, Фонд онкологиялык кызматты колдойт, ооруканаларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого жардам берет, анын ичинде нур терапиясы үчүн дагы. Билим берүү демилгелерине олуттуу көңүл бурулууда: гранттар берилет, айылдык мектептерди өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда, билим берүү процессине STEM-окутуу жана санариптик чечимдер киргизилип жатат. Балдардын жана жаштардын кошумча билим алуусуна, анын ичинде жасалма интеллект жаатында мүмкүнчүлүктөр кеңейүүдө. Мамлекет башчысы кайрымдуулук долбоорлорун системалуу, даректүү жана ачык-айкын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Лаззат Чинкисбаева, «Казакстан элине» коомдук фондунун башкарма төрайымы:

«Казакстан элине» фонду беш багыт боюнча социалдык долбоорлорду ишке ашырат: спорт албетте, пландаштырылган жана курулган инклюзивдик спорт борборлору менен; биздин долбоорлорго катышып жаткан айыл мектептери менен билим берүү; жана райондук борборлордогу реабилитациялык борборлорубуз менен социалдык колдоо.

Которгон: Илгиз Жамалбеков