Казакстандын бажы инфраструктурасы жаңыланууда. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында белгилүү болду. Учурда Евразия экономикалык биримдигинин тышкы чек арасындагы тогуз унаа жолу жана бир темир жол өткөрмө пункту жарыктандырылып жатат. Натыйжада, алардын өткөрүү кубаттуулугу 8 эсеге чейин жогорулап, өтүү убактысы 2 сааттан 25 мүнөткө чейин кыскарат. Жаңыланган станциялардагы байланыш каналдарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселеси да иштелип чыгат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков