Байыркы Куран китеби көргөзмөгө коюлду

Байыркы Куран китеби көргөзмөгө коюлду

Павлодарда 200 жыл мурун жарык көргөн Куран китеби коомчулукка тартууланды. Байыркы Куранды Машхүр Жүсип Көпей уулунун урпактары мемориалдык музей коруна тапшырды. Белгилей кетсек, шаарда казактын улуу инсандары Машхүр Жүсип Көпей уулунун 165 жылдыгына жана Султанмахмут Торайгыровдун 130 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө. Анда эки адамдын жеке буюмдарынан тышкары башка баалуу экспонаттары сакталып турат. Алардын ичинен өзгөчө буюмдардын бири болуп Машхүр Жүсип өзү колдонгон Азия стилинде жасалгаланган куржун да бар.

Асет Пазылов, Машхүр Жүсип Көпей уулунун чөбөрөсү, мемориалдык музей башчысы:
- Атактуу Жүсип бабабыз казактын байыркы кол жазмаларын, элдик оозеки адабиятынын алдыңкы үлгүлөрүн сактап келген. Бүгүн күндө бизге жетип олтурат. Бул куржунду, Ыйык Курани Каримдин түп нускалуу кол жазмаларын Павлодар шаарына алып келип жатабыз. Мына ушулар аркылуу Машхүр Жүсиптин көрөгөчтүгүн, өмүр баянын элге жеткире алабыз деген ойдобуз.


Которгон: Илгиз Жамалбеков