Казакстанда жеке маалыматтарды ачыкка чыгарганы үчүн жаза катаалдашы мүмкүн. Новелла 2022-2027-жылдарга санариптик экосистеманы өнүктүрүүнүн жаңы концепциясында жазылган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Ачык нормативдик укуктук актылар» сайтында жарыялады.
«Укук бузуулардын жабырлануучуларга моралдык жана материалдык зыян келтирген узак мөөнөттүү кесепеттерин эске алуу менен, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекстин 62-беренесинин 1-пунктунда каралган эки айлык мөөнөт жетишсиз деп эсептейбиз», - деп айтылат концепцияда.
Бул боюнча сайтта коомдук талкуулар ушул жылдын аяк оона айынын 5де аяктайт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков