Медициналык обьектилерди оңдоп-түзөөгө 14 миллиард теңге бөлүндү

Медициналык обьектилерди оңдоп-түзөөгө 14 миллиард теңге бөлүндү

Бул каржыга Балкаш жана Темиртау шаарларынын жана калктуу-конуштарынын жашоочуларын тейлөөчү райондор аралык ооруканаларды куруу каралган. Белгилей кетсек, акыркы 4 жылда облуста 116 медициналык мекеме 12 миллиард теңгеден ашык суммага оңдоодон өткөн. Ушундай эле каражаттар саламаттыкты сактоо мекемелеринин материалдык-техникалык абалын жакшыртууга жумшалган. Медициналык имараттарды оңдоп-түзөөгө 5 миллиард теңге өлчөмүндө жеке инвестиция тартылды.

Калдыбек Исмаилов, Караганды облусу саламаттык сактоо башкармасынын башчысы:

Бул медициналык жабдуулар менен жабдууну 8,1% га жогорулатууга мүмкүндүк берип, медициналык жабдуулардын паркын жаңылоо эскирүү пайызын 51ден 45% га чейин төмөндөттү. Жакынкы үч жылда 21 миллиард теңгеден ашык суммага жабдууларды жаңылоо пландалууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков