Павлодарда уникалдуу археологиялык олжо табылды

Павлодарда уникалдуу археологиялык олжо табылды

Ата мекендик тарых илими үчүн чоң жетишкендик. Иртыш чөлкөмүнүн окумуштуулары Кимак хандыгынын убагында жакшы сакталып калган көрүстөндөрдү табышты. Алардын арасында кимак жоокеринин ак сөөктөрүнүн жана жылкынын сөөгү сакталган мүрзөлөр бар. Адистердин айтымында, тарыхый эстеликтер 9-10-кылымда пайда болгон. Кимак дооруна таандык көрүстөндөр биринчи жолу өткөн кылымдын 60-жылдарында ачылган. Бирок ал изилдене элек. Акыркы жылдары комплекстүү казуу иштери күчөтүлдү. Мындан бир нече жыл мурда бул жерден дагы бир кимак аристократынын сөөгү коюлган жер жана дөңгөлөк, ошондой эле, металлдан, жыгачтан, булгаарыдан жана жибек кездемелерден жасалган ар кандай жакшы сакталган экспонаттар табылган.

Елена Тушева, археолог-окумуштуу:

- Бул жерде борбордук жана чет жакта жайгашкан мүрзөлөр топтолгон. Ортосунда адамдын, ал эми четинде жылкынын сөөктөрү көмүлгөн. Бир караганда мүрзө бай адамга таандык болгон деп айтууга болот. Кыштын калдыктары да бар. Мындай сөөк коюу салты Казак хандыгынын дооруна чейин созулган.

Алибек Кабылдин, археологиялык борбордун кызматкери:

- Топурак органикалык заттарды сактоого мүмкүндүк берет. Буга чейин жыгач жана жибек материалдары табылган. Быйыл дарак менен бирге көмүлгөн адамдын сөөгүн таптык. Бул биз үчүн өзгөчө дүйнө. Казуу иштерин бир нече жуманын ичинде бүтүрөбүз. Андан кийин лабораторияларда ишибизди улантабыз.

Археологдор көмүлгөн комплексти ийне-жибине чейин изилдеп чыгышы керек. Табылган артефакттар биринчи жолу момдолот. Андан кийин санарип рентгендин жана компьютердик томографиянын жардамы менен археологиялык борбордо кылдат изилденет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков