Борбор калаада Өлкө жана Эл Башы китебинин бет ачары болду. «Эгемен Казакстан китепканасы» сериясында жарык көргөн эмгек Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган. Жыйнакка өлкөнүн башкы басылмасы «Егемен Казакстан» гезитинде жарыяланган Нурсултан Назарбаевдин өмүрү менен ишмердүүлүгү тууралуу макалалар жана эскерүүлөр камтылган. Китеп Эркиндиктин архитектору, Мамлекеттин түзөтүүчүсү, Борбор калаа жана Эл Башы жана Көрөгөч саясатчы деген 4 бөлүмдөн турат.
Серик Негимов, РКнын Эмгек сиңирген ишмери:
- Отуз жылдан бери кандай мамлекет болдук. Биз Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөсүбүз. Казакстанды бүткүл дүйнө тааныйт. Казакстандын экономикасы жана маданияты тездик менен өнүгүп жаткандыгы белгилүү. Мунун баары эгемендүүлүктүн күбөсү, көз карандысыздыктын дастанчысы Нурсултан Назарбаевдин эмгеги. Нурсултан Назарбаевдин бул улуу иши Өлкө жана Эл Башы китебинде кеңири баяндалган.
Иш-чаранын алкагында Эгемендүүлүк жана Президент аттуу көргөзмө ачылды. Анда Эгемендүүлүк жылы өлкөнүн белгилүү фото-журналисттеринин көзү менен чагылдырылган. Акыркы 30 жылдын ичинде республикалык басылмаларда жарыяланган 50 фото материал Туңгуч Президенттин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү этаптарды аныктайт.
Күлайша Актаева, РКнын Туңгуч Президенти-Эл Башы китепканасы музейи мүдүрүнүн орун басары:
- Азыр эми алардын баалуулугу талашсыз. Анткени 30 жылдык тарыхыбыз ар бир көз ирмемди көрсөтүп турат. Дагы айтып кете турган жагдай, бул материалдар учурда Эл Башынын жеке архивинде сакталууда. Анткени бул түздөн-түз Эл башынын мамлекеттик кызматына көз каранды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков