Долбоордун инвестициясынын жалпы көлөмү 524 миллиард теңгени түзүп, аны Казакстан менен Орусиянын компаниялары ишке ашырат. Бул тууралуу Түркестан облусунун акимчилиги билдирди. Долбоор эки этап менен ишке ашырылат. Планга ылайык, долбоордун биринчи этабынын курулушу 2024-жылдын баш оона айында аяктайт. Ал эми күнөскана толук ишке киргенде бул жерде жылына 225 миң тонна помидор өстүрүлөт. Мындан тышкары, акимчилик заманбап күнөскана комплекстери жылытуу жана муздатуу, жарык режими, тамчылатып сугаруу, атмосферадагы көмүр кычкыл газынын көлөмүн көзөмөлдөөчү автоматташтырылган климаттык башкаруу системасы менен жабдыларын маалымдады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков