Куралдуу күчтөр: 2023-жылы минден ашык аскердик даярдык иш-чара өттү

Куралдуу күчтөр: 2023-жылы минден ашык аскердик даярдык иш-чара өттү

Казакстандын Коргоо министрлиги да 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарды. Мекеменин маалыматына караганда, ата мекендик аскер кызматкерлери башка өлкөлөрдөгү 24 окуу-машыгуу жана жарышка катышты. Алар тактикалык-атайын даярдык деңгээлинин жогору экенин көрсөттү. Күжүрмөн даярдыктар Түркия, Азербайжан, Өзбекстан жана Беларусь мамлекеттеринде өттү. Өз кезегинде Казакстандын аймагында өткөн жылы 6 эл аралык окуу-машыгуу уюштурулду. Ага учкучтар курамы, десанттык-чабуул аскерлери, ошондой эле, аскер-деңиз күчтөрү катышты. Ал эми «Батыл тойтарыс-2023» стратегиялык командалык-штабдык окуу-машыгууларынын жүрүшү Казакстан Президенти - Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы Касым-Жомарт Токаевдин башчылыгы жана жеке көзөмөлү менен өттү. Жалпысынан, өткөн жылы Куралдуу күчтөрдө миңден ашуун аскердик даярдык иш-чаралары өткөрүлдү. Алардын бардыгы жеке курамдын талаалык машыгуусун жакшыртууга жана аскердик бөлүмдөрдү координациялоого багытталды.