Этникалык казак балдары Бурабайдагы жайкы лагерде эсалат

Бурабайда дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген 288 казак балдары жолугушту. Чет жерде жүргөн кандаштардын уул-кыздары лагерде 15 күн эс алышат. Максаты – чет өлкөдө өсүп келе жаткан жаш муундарды өз мекени менен тааныштыруу жана тарыхый мекенине болгон сүйүүсүн ойготуу. Долбоордун масштабы жылдан-жылга кеңейүүдө. Мисалы, 2003-жылы жайкы лагерге 7 гана окуучу келген. Акыркы убакта балдарын Бурабайга жиберүүнү каалаган ата-энелердин саны көбөйүп кеткендиктен уюштуруучулар тандоо өткөрүүгө аргасыз болууда. Жыйынтыгында илимде, маданиятта жана спортто ийгиликтерге жетишкен балдарга артыкчылык берилди. Келечекте өспүрүмдөрдүн санын көбөйтүү менен бирге долбоорго катышкан өлкөлөрдүн географиясын кеңейтүү пландалууда.

Зайытбек Турысбеков, Дүйнөдөгү казак ассоциациясынын төрагасынын орун басары:

-Мунун бир керемети – бүгүн бала, эртең эл. Ошол себептен келечек балдарда жана жаштарда. Бул балдар өлкөгө келгенден кийин бири-бири менен таанышып, тил табышып, түбөлүк дос болуп калышат. Азыркы заманда ар кимдин колунда телефон бар. Күндө аралашат. Демек, бул чоң дүйнө. Терең карасаң, ынтымак, биримдик ушундан башталат.

Татти Арман 3 жашында үй-бүлөсү менен Түркияга көчүп кеткен. Бирок, туулуп-өскөн жери дайыма ыйык, - дейт ал. Ал өзүнүн келечегин мекени менен байланыштырат.

Татти Арман, мектеп окуучусу

-Мен Түркиядан келдим. Бирок мен казакмын. Бул жер чынында эле укмуш. Биздин лагерь көлдүн жээгинде жайгашкан. Эли да абдан сонун жана меймандос. Казакчам жакшы болбосо да баарын түшүндүрүп, жардам берип жатышат. Түркияда жашасам да түрк эмес, казакмын. Ошондуктан тарыхый мекениме бат-баттан барганга аракет кылам. Мен Казакстанда төрөлгөндүктөн, бул жакка кайтуу ниетим бар.

Таза аба, кооз жаратылыш жана жаңы достук - балдар үчүн шарттар жана сунуштар муну менен эле бүтпөйт. Эгер алар алдыдагы убакытта өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бирин тандаса, Дүйнөлүк казак ассоциациясы керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков