Өткөн аптанын аягында Казакстандын президенти менен Армениянын премьер-министринин ортосундагы сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерде жаңы этапты ачты. Бул тууралуу серепчилер айтышууда. Өткөн жылы эки тараптын соода жүгүртүүсү 80 миллион доллардан ашкан. Бирок, Казакстандын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун талдоочусу Алишер Абдрешов кызматташуунун дарамети алда канча жогору экенин айтат. Казакстан Арменияга жүк ташуу көлөмүн көбөйтө алат, ал эми технологиялык долбоорлор жана санариптик чечимдер Астана менен Еревандын ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Алишер Абдрешев, Президент алдындагы КСИИнун Европа жана Америка изилдөөлөр бөлүмүнүн жетекчи серепчиси:
- Жасалма интеллект абдан актуалдуу. Казакстан акыркы убакта бул тармакка чоң көңүл буруп жатат. Менимче, Армения тарап да бул тармакта Казакстан менен кызматташууну орнотууга кызыкдар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

