Премьер-министр мунай газ тармагы боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр мунай газ тармагы боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт башчы мунай жана газ тармагын өнүктүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Олжас Бектенов Казакстанда ири долбоорлорду ишке киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Алардын арасында Атырау облусундагы кубаттуулугу жылына 500 миң тонна полипропилен болгон нефтехимиялык завод, газды кайра иштетүүчү үч заводдун курулушун баштоо бар экенин айтты. Премьер-министр белгилегендей, мамлекет тарабынан секторду жана жер казынасын пайдалануучуларды колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө. Атап айтканда салык жана инвестициялык мыйзамдар өркүндөтүлүп, ишкердик кодексине жана «жер казынасы жөнүндө» кодекске ишканаларга жүктөмдү азайтуучу өзгөртүүлөр киргизилди. Жер казынасын пайдалануучулар үчүн преференцияларды бекиткен татаал долбоорлор боюнча жакшыртылган моделдик контракт киргизилген. Мындан тышкары, Өкмөт тарабынан мунай жана мунай өнүмдөрү рыногун либералдаштырууга багытталган андан аркы реформалар пландаштырылууда. Өз кезегинде бизнестен жергиликтүү күтүүнүн үлүшүн олуттуу жогорулатуу жана атамекендик товар өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча чаралар күтүлүүдө, деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы. Белгилей кетсек, мунайгаз тармагы өлкөнүн экономикасында маанилүү ролду ойнойт. Мында салыктык түшүүлөрдүн жана жумуш орундарынын олуттуу бөлүгү түзүлөт. Өткөн жылы республикада 90 млн тонна мунай өндүрүлүп, анын тастыкталган запасы 2,9 млрд тоннага бааланууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков