Казакстанда ишкерликти мамлекеттик колдоо чараларынын реестрин түзүү пландалууда. Бул - 100дөн ашык каржылык, мүлктүк жана финансылык эмес инструменттерди камтыган структураланган тизме. Мамлекеттик органдар маалыматты өз убагында жаңыртып, анын аныктыгына кепилдик берүүгө милдеттүү. Кошумча сунушталган чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү системасы каралган. Мекеме колдоонун натыйжаларын туруктуу түрдө талдап, ал эми бизнес арыздарды берүү жана алардын укуктарын коргоо алгоритмин так түшүнөт. Тизменин түзүлүшү - мамлекеттик колдоо чараларынын ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда жасалган маанилүү кадам. Эми, жеке бизнес ээлерине ар кандай булактардан маалымат издөөнүн кажети жок. Башкача айтканда, актуалдуу маалыматка тез жетүүчү борборлоштурулган булакка айланат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

