Мамлекет башчысы
Германияга расмий иш сапары менен келди. Алдыда бир катар иш-чаралар, анын
ичинде Касым-Жомарт Токаевдин федералдык канцлер Олаф Шольц жана федералдык
президент Франк-Вальтер Штайнмайер менен сүйлөшүүлөрү пландаштырылган. Преиздент
ошондой эле, Германия жана Борбор Азия мамлекет башчыларынын жолугушуусуна
катышууну мерчемдеп жатат. Мындан тышкары, сапардын алкагында өлкө башчы Эл
аралык Berlin Global Dialogue форумунда сөз сүйлөйт жана Германиянын ишкер
коомчулугунун өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков.