Парламент насыялык келишимди ратификациялады

Парламент насыялык келишимди ратификациялады

Парламент Казакстан менен Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы насыялык келишимди ратификациялады. Жогоруда аты аталган каржы мекемесинен 345 миллион евродон ашык суммадагы насыя алуу боюнча келишимге президенттин теке айынын 2деги жарлыгына ылайык баш оона айынын 24дө кол коюлган. Каржы министри Ерулан Жамаубаевдин айтымында, толук сумма бюджеттин тартыштыгын каржылоого жумшалат. Быйыл бул ИДӨдүн 3,3%ын же үч триллион теңгеге жакынын түздү, деп белгиледи министр. Мыйзамдын кабыл алынышы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталып, өкмөттүк чаралардын комплексин жана мамлекеттин башка артыкчылыктуу максаттарын колдоого шарт түзөт.

Ерулан Жамаубаев, Казакстандын каржы министри:

Насыя Казакстан Республикасына 11,5 жылдык мөөнөткө, анын ичинде 2,5 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. Алынып жаткан насыянын бир жолку комиссиясынын суммасы 0,25%, ал эми резервдик комиссиянын суммасы дагы 0,25% пайызды түзөт. Каражатты жумшоо жана кайтаруу насыялык келишимде белгиленген финансылык шарттарга ылайык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков