Казакстанда 2028-жылга карата унаа жасоо өндүрүшүн өндүрүүнү
эки эсеге көбөйтүү мерчемделүүдө. Өкмөттүн жыйынында тармактын өнүгүү келечеги
талкууланды. Тармактык мекеменин маалыматына караганда, 9 ай ичинде кайра
иштетүү тармагында алдыңкы позициялардын бирин ээлеген унаа жасоо тармагына
инвестиция 2 эсе өсүп, 124 миллиард теңгеге жеткен. Тармактагы өндүрүштүн
көлөмү 3 триллион теңгеден ашты. Тармактын түзүмүндө эң чоң үлүштү - дээрлик 40
% - автоунаа өндүрүшү ээлейт. Бүгүнкү күндө өлкөдө бир катар жаңы заводдордун
курулушу жүрүп жатат. Секторду өнүктүрүү компоненттерди чыгарууну жана
локалдаштырууну тереңдетүүнүн эсебинен пландаштырылууда. Буга кошумча ушул жылы
мультимедиялык тутумдарды жана унаа орундуктарын чыгарууну баштоо мерчемделген.
Автоунаа жасоо менен дээрлик бирге темир жол жана
электротехника өнүгүүдө. Өнөр жай министрлиги Ата Мекендик өнүмгө суроо-талап өсүп жатканын
белгилейт. Жаңы ишканаларды түзүү
жана иштеп жаткан ишканаларды модернизациялоо үчүн 600 миллиард теңге, ошондой
эле жаңы квалификациялуу кадрлар талап кылынат.
Канат Шарлапаев, өнөржай жана
курулуш министри:
- Министрлик ишканалар менен
биргеликте кадрларды даярдоону күчөтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Анда кош
окутуунун негизинде программалар иштелип чыгат жана ишке киргизилет. Алар билим
берүү уюмдарында теориядан өтүүнү жана заводдордо өндүрүштүк тажрыйбадан өтүүнү
камсыз кылышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков